• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Нарында карантиндин шарттарын аткарбаган 35 айдоочуга протокол түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери Нарын шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызматкерлери Нарын облусунун Нарын шаарында COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылып кетишине жол бербөө максатында жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

"10-майдан баштап Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында одоно жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы жана карантиндин шарттарын аткарбаган 35 айдоочуга бузуулар тууралу протоколдор түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Нарын шаарындагы “Береке” базарында жол кыймылын коопсуздугун камсыздоону ирээтке келтирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий