• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.21./Кабар/. Опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Ведомстводон билдиришкендей, ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды, паракорлорду, мыйзамды бузгандарды, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоо боюнча чечкиндүү кадамдарга барууда.

2021-жылдын 7-майында ИИМдин Ички иликтөө кызматына У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган. Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү ("опузалап пара алуу") боюнча катталган.

2021-жылдын 31-майында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын ККК менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1000 АКШ долларын алып жаткан учурда ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты "А.А." кармалды.

Андан сырткары, баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда ал баңгизатты пайдалангандыгы аныкталды. Азыркы учурда мындан аркы иликтөөнү УКМКнын ККК жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий