• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ИИМ Орхан Инандыны издөө иштерин улантып жаткандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргызстандык Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Бул иш боюнча ИИМдин, Бишкек ШИИББнин, Чүй ОИИББнин жана Октябрь РИИБнин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү менен ыкчам кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам-тергөө тобу зарыл болгон тергөө иш-чараларын жана издөө иш-чаралары жүргүзүүдө. Ошондой эле мүмкүн болгон күбөлөрдү суракка алууда.

Учурда Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоого багытталган бардык керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 31-майдан бери "Сапат" ("Себат") билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп жатат. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

Ал ортодо "Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады.Сый акы берилген маалыматка жараша болот.

"Анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Байланыш номерлери: (0550) 049-050; (0555) 155-144", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий