• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна багытталган жагдайларды иликтөөдө. Окуянын хронологиясы

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирген.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орхан Инандыны издөө боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чараларынын хронологиясын берди.

Милициянын маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-июнунда таңкы саат 4:20да Октябрь РИИБне 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын астынан эшиктери ачык "Lexus GX470" үлгүсүндөгү автоунаа табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып иликтөө жүргүзгөн учурда автоунаа “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга таандык экендиги аныкталып, анын уулу Ю.К. атасын таап берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Арыз ээсинин маалыматы боюнча, Орхан Инанды жогорудагы автоунаа менен жүргөндүгүн жана акыркы жолу 31-май күнү болжол менен кечки саат 18:00дөр чамасында байланышка чыккандыгын маалымдаган.

Жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси боюнча (Адам уурдоо) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМден, Бишкек ШИИББден, Чүй ОИИББнын жана Октябрь РИИБден тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери менен издөө иш-чараларын жүргүзүшүп келишкен. УКМКнын Чек ара кызматына кайрылуу кат жөнөтүлүп, алардан Орхан Инанды чек арадан өтпөгөндүгү такталган.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп келген. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүп, ага ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкерлери тартылган. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынган.

Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын, алгачкы текшерүү органынын жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында башка оор кылмыштардын жана жоруктардын дагы бетин ачышкан.

Ошондой эле, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлгөн. Анын негизинде борбордук милиция кызматкерлери тарабынан 10 миң 434 объект, 3 миң 251 жеке менчик жана 6 миң 336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынган.

Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө милиция кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда териштирүү жана тактоо иштерин улантып жатат. ИИМдин кызматкерлери тарабынан Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча кеңири иштерди жүргүзүлдү. Кыргызстандык жаран Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш толугу менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө болгон.

Учурда Орхан Инандын кайда экендиги аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна багытталган жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий