• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: “Осьминог” кафесинин кожоюнунан акча талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ички иштер министрлигинен кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү “Осьминог” кафесин өрттөөдө шектүү эместиктерин билдиришти.

“Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милиция УКТ эки мүчөсүн колго түшүргөн, алар мурда кафенин кожоюнунан акча талап кылышкан.

“Алардын өрткө байланышы текшерилүүдө. Бирок кармоонун себеби тоноочулук”,-деп билдиришти ИИМден.

Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 7-январда “Осьминог” кафеси толугу менен күйүп кеткен. Милиция аталган иш боюнча кылмыш ишин козгогон. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий