• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Ошто жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 15тен ашуун адамга 1 миң сомдон тараткан

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги бардык жеке жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлиги шайлоочулардын добуштарын сатып алууну аныктоо боюнча керектүү ыкчам иштерди жүргүзүп, ал эми жарандарга добуштарды сатуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертүүдө.

Ички иштер органдарынын алдына бардык мыйзам бузууларга токтоосуз аракеттерди көрүү тапшырмасы коюлду. Милиция кызматкерлери ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюуга, мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууга, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп, жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууга милдеттүү. Добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга жол берилбейт.

2021-жылдын 7-июлунда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын бири шайлоочулардын добуштарын сатып алып жаткан факты аныкталды. Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси ("добуштарды сатып алуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош шаарындагы Жумабаев көчөсүнөн жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын биринин талапкеринин өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен алектенип жатканы аныкталган.

Окуя болгон жерди ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери кароо учурунда И.Х. жана Р.Ш. аттуу жарандардан 115 миң сом акча каражаты менен Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунун Жалал-Абад көчөсүнүн жашоочуларынын 7 барактык тизмеси табылып алынган.

Депутаттыкка талапкер жаран Л.Б.нын өкүлдөрү 15тен ашык шайлоочуга депутаттыкка талапкерге добуш бериши үчүн ар бирине 1 миң сомдон таратышкан.

2021-жылдын 7-июлунда депутаттыкка талапкер Л.Б. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, депутаттыкка талапкердин өкүлдөрү И.Х. менен Р.Ш.га добуштарды сатып алуу фактысына шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама жеткирилди.

Азыркы учурда бул факт боюнча жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий