• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Президенттик шайлоо маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери президенттик шайлоо маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Ага байланыштуу жарандардын саясий активдүүлүгүнүн жогорулашы күтүлүп жаткандыктан, массалык коомдук-саясий иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн.

"Жогорудагыларды эске алып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги ар бир шайлоо участкаларында жол кыймылын, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чараларды көрүүдө. Шайлоо өнөктүгүнүн башталышы менен ИИМдин ЖКККББнын аймактык бөлүктөрү күн сайын ыкчам кырдаалды анализдешет. Өздүк курам үгүт жүргүзүү маалында жана шайлоо күнү жарандардын укугун жана коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылын көзөмөлдөө, шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо менен гана алектенишет", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ар бир шайлоо тилкесинде кызматкерлер жана жооптуу жетекчилер бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий