• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча кварталдык жана үй комитеттеринин өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Свердлов районундагы №20 муниципалдык аймактык башкармалыгында кварталдык жана үй комитеттеринин өкүлдөрү менен жаңы психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Аталган жыйындын катышуучуларына Бишкек шаарындагы баңгичиликтин учурдагы абалы жана аны алдын алуу жаатында жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 101-беренесинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн жана прекурсорлорун, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды камтыган, жүгүртүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү, же болбосо алардын прекурсорлорун жана баңгизат каражаттарын же психотроптук каражаттарды камтыган алардын бөлүктөрүн колдонууга чакыруу” жаңы ченеми тууралуу түшүндүрмө берилди.

Жыйындын уюштуруучулары катышуучуларды баңгизаттарга тартуу жана аларды таратуу белгилери байкалса, тиешелүү чараларды көрүү үчүн тез арада ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө билдирүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий