• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын жана Ысык-Көлдө жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алуу боюнча тренингдер өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жаштар арасында радикалдашуу жана диний экстремизмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-10-сентябрда Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймагында 2017-2022-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында, КР Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгесинде Кыргызстандагы «Эл аралык Толеранттуулук» фонду жана «Сейферуорлд» эл аралык уюмдарынын колдоосунда КРнын Дин иштери мамлекеттик комиссиясы, КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте Нарын, Ысык-Көл облусунун район, шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнө: айыл өкмөтү, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар комитети, милициянын аймактык тескөөчү, жашы жетелектер менен иштөө инспекторлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада профилактикалык семинар болуп өттү.

Семинардын алкагында катышуучуларга, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, «Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмдин жана терроризмди алдын алууда
коомдук алдын алуу боборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды
көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар уюмунун мүчөлөрү канааттандырарлык жооп ала алышты.

Семинардын аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1000 ге жакын усулдук буклеттер, эстертмелер таратылып, катышуучулардын санитардык-эпидемиялогиялык эреже тартиптерди сактоо максатында маскалар, коргонуучу каражаттар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий