• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Ралис Касанов милицияга жасалма документ менен орношкон

Коом 0

Бишкек, 07.03.19 /Кабар/. Мамлекеттик атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ралис Касанов жасалма документ менен ишке мыйзамсыз орношкон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМ маалыматында Касанов кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын опузалап талап кылганы үчүн иштен алынганы белгиленген.

Касановдун кызматтан кетирүүсүн Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту мыйзамсыз деп тааныган. Азыр бул иш Жогорку сотто каралууда. Ошондуктан ал кызматына кайрадан орношуу мүмкүн эмес.

Андан сырткары Касановго карата кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Касанов Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын 2003-жылы 23-ноябрында ЧИ №563 сериялуу берилген аскер күбөлүгүнүн ордуна берилген убактылуу күбөлүктү жасалма жолу менен, 2005-жылы 15-июлда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча батальондун күзөт тескөөчүсү ишине мыйзамсыз орношкон, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Касановго берилген убактылуу күбөлүк, мурда Ысык-Ата районунда жашаган Ш. Лировго 2005-жылы 17-январда Чи №563 сериясы менен берилгендиги такталган.

Касановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмүндө (“Башка кылмышты жашыруу менен аны жасоону жеңилдетүү максатында жасалма расмий документтерди колдонуу”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча (кылмыш иши козголгон) сотко чейинки өндүрүш башталган.

Маалыматта Касановдун ата-энеси Казакстандын жараны экени белгиленип, ал кыргыз жарандыгын мыйзам бузуу менен алганбы же жокпу деген маселе текшерилип жатканы жазылган.

Пикир

Оставить комментарий