• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Равшан Жээнбеков кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда министрликтин тергөө кызматы тарабынан кармалган.

"Кыргыз Республикасынын ИИМнин тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү ("барымтага алуу") жана 264-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрүндө ("массалык башаламандыкты уюштуруу") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. 2019-жылдын 12-декабрында жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелип Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жээнбеков Равшан Бабырбекович кармалды", - деп кошумчалашты министрликтен.

Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий