• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдөнүп жатат

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 18-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138 кылмыш, 107 жоруктар. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий