• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда өзүнүн бөлүмдөрү аркылуу коомдук тартипти жана коопсуздуктун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону улантат.

Бишкек шаарынын милициясы куралдуу күчтөрдүн жана ыктырдуу элдик кошуундар менен биргеликте шаардын жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун күнү-түнү камсыздап, шаардын аймагында коомдук тартипти камсыздашууда.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу жана күч түзүмдөрүнүн, ыктыярдуу элдик кошуундардын көзөмөлүндө. Коменданттык сааттын аякташы менен шаарга кирип-чыгуу ачык, коомдук транспорт токтоосуз жүрүүдө. Талап-тоноочулук жана талкалоо фактылары катталган жок.

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 15-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 287 кылмыш менен 131 жоруктар катталган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.

Андан сырткары, милициянын ишмердүүлүгү жол транспорттук кырсыктарды, жол кыймылынын коопсуздугун бузууну алдын алууга, укук бузууларды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоого багытталган.

"Ыктыярдуу элдик кошуундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий