• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Россиянын Истра шаарындагы адам өлтүрүүгө Кыргызстандын жарандарынын тиешеси жок

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Россиянын Истра шаарынын “Пятерочка” дүкөндөрүнүн биринде талап-тоноочулук жана сатуучуну өлтүрүү боюнча КР Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынын бул кылмышка тиешеси жок экендигин билдирет.

ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, Россиянын Москва облусу боюнча Тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгынын Истра шаары боюнча Тергөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн жана кармалган адамдардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

КР Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн жана социалдык тармактарды пайдалануучулардан так эмес маалыматтарды таратпоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий