• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: RWGFD криминалистикалык лабораториялардын жабдыкталышынын мүмкүнчүлүктөрүн аныкташты

Коом 0

Бшкек, 13.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кылмыштуулук жана баңгизаттар башкармалыгынын соттук-медициналык экспертиза жана баңгизаттар боюнча аймактык жумушчу тобунун онлайн режиминде отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жумушчу топ Кыргызстан, Казакстан, Афганистан, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан мүчө мамлекеттер арасындагы баңгизаттар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүчу кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен отурумга Криминалистикалык борбордун начальниги Канат Иманалиев катышты.

Отурумдун катышуучулары кызматташтыктын артыкчылыктуу болгон багыттарын жана кылмыштуулук менен каршы күрөшүүдөгү кызматтарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен соттук-медициналык ишмердүүлүктүн негиздеринин мыйзамдарын жакшыртууну талкуулашты.

"Бүгүнкү күндө өз ара кызматташуунун өзөгү катары – эксперттик-криминалисттик кызматтар арасында маалыматтык банктарды колдонуу менен маалымат менен алмашуу болуп саналат. Азыркы учурда эксперттердин колдонуусунда заманбап техникалык, инновациялык каражаттар бар. Бирок коомдун башкы эксперти катары чыгармачыл, өзүн-өзү өнүгүүсүнө умтулган адам гана болот” – деп Канат Иманалиев талкуулоо учурунда.

Жолугушуу кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга, эксперттик кызматтардын эң курч көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошуп, кызматтык байланыштарды кеңейтүү жана активдештирүү үчүн зарыл болгон аянтчаны түздү.

Отурумдун аягында коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча жыйынтыктары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий