• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ: Рысалиев суракка чакырылып, түшкү тыныгуу маалында өзүн жаман сезген

Коом 0

Бишкек, 08.06.19 /Кабар/. Кечээ, 7-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылып, түшкү тыныгуу маалында өзүн жаман сезген. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, маалымат каражаттарында айрым так эмес маалыматтар чыгууда.

Кечээ, 7-июнь күнү мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев А. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Сурак эки сааттан ашык убакытка созулуп, түшкү маал тыныгуу жарыяланган.

"Ал тыныгуудан келе жатып көчөдөн өзүн жаман сезген. Тез жардам чакырылып, З. Рысалиевди ооруканага алып кетишкен. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, мурдагы ички иштер министри тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө өзүн жаман сезген жана ал 48 саатка кармалып, анын палатасы кайтарууда турат деген маалымат туура эмес.

Пикир

Оставить комментарий