• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков өзгөчө абал киргизилген аймактагы элдин коопсуздугунан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өзгөчө абал киргизилген аймактагы жарандардын коопсуздугунан кабар алды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылйаык, Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаарындагы, Сузак районундагы бардык постторду толугу менен карап чыккан.

"Ал Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары менен жолугуп, Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдардагы коопсуздук маселесин талкууулашты. Алар жарандардын чечилбей жаткан маселелери менен таанышып, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты", - деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, 260 миңден ашуун калкы бар Сузак районунун элинин турмуш тиричилиги облустун борбору Жалал-Абад шаары менен тыгыз байланышта болгондуктан, шаарга кирүүчү блокпосттордон элдин кирип-чыгуу маселеси күндүн талабы экендиги айтылган.

"Бул багытта өзгөчө көңүл буруу менен эл арасында көйгөйлөрдү жаратпоо, элдин ар бир кайрылуусуна жооп берүү, жардам көрсөтүү жана пайда болгон жагдайларды мыйзам чегинде чечүү талаптары коюлду. Ошондой эле азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, малдарын жайлоого алып кеткен жарандарга жардам берүү, посттордо үзгүлтүксүз дезинфекция иштерин жүргүзүү керектиги баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий