• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Санкт-Петербургда кыргыз таксисттерине кол салгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Ушул жылдын январь айында Санкт-Петербург шаарында эки кыргыз таксистине кол салуу болгон. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү окуяга тиешеси барлар кармалгандыгын билдирди.

Ага ылайык, ушул жылдын 5-январында болжол менен саат 23:30да Санкт-Петербург шаарындагы "Ветеранов" проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн жанына белгисиз төрт адам такси кызматын чакырган. "Киа-Рио" үлгүсүндөгү таксиге отургандан кийин азият тектүү белгисиз адамдар Ош облусунун 28 жаштагы Х.Ш., аттуу тургунуна кол салышкан.

Белгисиз адамдар айдоочуну бычак менен коркутушуп, акча каражатын, 3 уюлдук телефонун, андан сырткары автоунаасын айдап качкан.

Бул окуя боюнча Санкт-Петербург шаарынын Ички иштер министрлигинин аймактык тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2, 3-бөлүмдөрүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында ушул жылдын 12-январында кылмышка шектүүлөр коңшу республиканын жарандары 1994-жылы туулган Т.Х, 1994-жылы туулган Э.М, 1997-жылы туулган А.Ш жана 1987-жылы туулган А.Б., аттуу жарандар болгону тастыкталган.

Мындан сырткары, ушул эле жылдын январь айында Санкт-Петербург шаарындагы Софийский көчөсүнөн үч белгисиз адам 26 жаштагы кыргыз жараны башкарган такси жалдашкан. Жолдон кардарлар таксистке баллон газы менен кол салышып, анын 15 миң рубль акчасын, жеке документтерин, телефонун жана банк карточкасын алып качып кетишкен.

Окуя боюнча Санкт-Петербург шаарындагы Ички иштер министрлигинин аймактык тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 162-берененин 2,3-бөлүмдөрүнүн негизине иш козголгон.

Тергөө иштери ыкчам жүргүзүлүп, 2020-жылдын 9-январында шектүүлөр кармалган.

Пикир

Оставить комментарий