• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Шайлоо күнү добуш сатып алууга аракет жасаган 54 факты катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.17./Кабар/. 15-октябрда шаайлоо күнү коомдук тартип бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн кызматта болушуп, аймактык шайлоо участкаларын өзгөчө көзөмөлгө алышкан.

“Коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого 10 миңге жакын милиция кызматкерлери менен 12 миңден ашык элдик кошуундар тартылган. Шайлоо өткөрүү күнү шайлоо участкаларында коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Республика аймагында криминалдык абалдын туруктуулугу көзөмөлдөнүп, коомдук тартипти бузууга жол берилген жок. Республика аймагында 15-октябрь күнү ички иштер органдары тарабынан шайлоого байланыштуу, анын ичинен мыйзамсыз үгүттөө, шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет жасоо, бейбаштык, адамдын денесине залал келтирүү фактылары боюнча 54 арыз жана маалыматтар катталган. Азыркы убакта алардын ичинен 41 факт такталып, анын ичинде Бишкек шаары боюнча - 21, Чүй облусунда - 3, Ош облусунда - 2, Ош шаарында - 5, Жалал-Абад облусунда - 4, Талас облусунда -1, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 2 факты катталган. Бардык катталган фактылар боюнча материалдар топтолуп, териштирүү иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясына 6 факты жөнөтүлсө, ал эми ички иштер органдары 2 факты боюнча административдик мүнөздөгү чараларды көрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий