• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ шайлоо мыйзамдарын бузуунун 19 фактысын каттады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Ички иштер министрлиги шайлоо мыйзамдарын бузуунун 19 фактысын каттады. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Ниязбеков белгилегендей, 19 фактынын ичинен алтоо үгүт иштери башталганга чейин катталган.

"Катталган фактылардын ичинен жетөө кылмыш, төртөө жорук боюнча, 8 факты маалымат журналына катталып, анын ичинен 7 иш боюнча маалыматтар тастыкталган жок. БШКга дагы эки факт жиберилди, бирөө текшерилүүдө", - деди ал.

Ниязбеков шайлоо күнүндө 5,5 миң милиция коомдук тартипти көзөмөлдөй турганын билдирди.

"Өлкөдө 10 ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой эле ок атуучу куралдардын сатылуусуна тыюу салынды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий