• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 158 мыйзам бузуу катталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Парламенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан бери, башкача айтканда, 2021-жылдын 29-октябрынан 17-ноябрына чейин 158 мыйзам бузуу катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу, административдик ресурс колдонуу фактылары боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Аныкталган 158 мыйзам бузуунун ичинен 28 кылмыш жана 37 жорук, мындан тышкары, электрондук маалымат журналына 93 ар кандай билдирүүлөр катталган.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси «Шайлоочуларды сатып алуу» 21 факт, 186-беренеси «Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу» боюнча 2 факт, 200-беренеси «Уурдоо» боюнча – 2 факт, 355-беренеси «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» -1 факт, 145-беренеси «Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу» - 1 факт, 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча – 1 факт катталган.

Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 87-1-беренеси «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» боюнча 18 факты, 119-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча 2 факт, 94-беренеси «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» боюнча -8 факт,
90-беренеси «Анча чоң эмес өлчөмдө уурдоо» - 7 факт, 66-беренеси «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү»- 1 факт. 96-беренеси боюнча «Башка бирөөнүн жер участогун өзүм билемдик менен басып алуу» -1 факты катталган.

Мындан тышкары, ИИОнун Электрондук маалымат журналына 93 ар кандай материалдар катталган, анын ичинен 56 факт боюнча материалдар териштирилип аныкталбагандыктан номенклатуралык ишке чыгарылган, 8 факты боюнча материалдар башка сотко чейинки өндүрүш иштерине бириктирилип каралууда, ал эми 17 факты боюнча материалдар аймактык шайлоо комиссияларына карштуулугу боюнча изилдөө үчүн жиберилген.

Ошондой эле 12 материал учурда каралууда.

Ички иштер министрлиги шайлоо мыйзамдарын бузгандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий