• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Шайлоо учурунда мыйзам бузууга байланыштуу 126 факты катталган

Коом 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Күн мурун, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу укук коргоо органдарына 126 факты келип түшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен добуштарды сатып алуу кылмышы боюнча ("Кылмыш жаза кодексинин 192-беренеси менен") эки факты Чүй облусунда катталып, учурда тергелип жатат.

Жоруктардан 5 факт катталып, административдик ресурсту пайдалануу 1 факт, майда бейбаштык 4 факт катталды, алар Чүй облусунда - 2, Бишкек шаарында - 1, Ош шаарында - 1, ал эми административдик ресурсту пайдалануу фактысы Баткен облусунда орун алган.

Андан тышкары, үгүт иштерине байланыштуу - 36, добуш сатып алуу тартибин бузууга байланыштуу - 38, добуш сатып алуу - 21, шайлоочуларды унаалар менен ташуу - 19, жалган маалымат таратуу - 1, административдик ресурс колдонулду деген маалымат - 1, электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу - 1, айлык кармоого байланыштуу бир факты.

Аталган мыйзам бузуулардын бардыгы азыркы учурда жеринде териштирилүүдө жана жыйынтыктары мыйзамдарга ылайык сөзсүз түрдө чыгарылат.

Азыркы учурда өлкөнүн аймагында коомдук-саясий абал туруктуу, ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантууда.

Пикир

Оставить комментарий