• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ИИМ шайлоодо добуш сатып алгандарга карата катуу чаралар көрүлө тургандыгын эскертти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Шайлоо учурунда добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды колдонууга бөгөт коюлуп, мыйзамга ылайык ыкчам чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ бардык жеке жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого чакырат.

"Ички иштер министрлиги шайлоочулардын добуштарын сатып алууну аныктоо боюнча керектүү ыкчам иштерди жүргүзүп, ал эми жарандарга добуштарды сатуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер органдарынын алдына бардык мыйзам бузууларга токтоосуз аракеттерди көрүү тапшырмасы коюлду. Милиция кызматкерлери ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюуга, мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууга, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп, жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууга милдеттүү. Добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга жол берилбейт.

2021-жылдын 7-июлунда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын бири шайлоочулардын добуштарын сатып алып жаткан факты аныкталды. Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси ("добуштарды сатып алуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош шаарындагы Төлөнов көчөсүнөн жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын биринин талапкеринин өкүлү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен алектенип жатканы аныкталган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан жаран Т.Г.дан далил катары 5 миң сом жана төрт шайлоо алдындагы календарь табылып алынды. Андан сырткары, штабда тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук, уюлдук телефон, үгүтчүлөрдүн тизмеси, штабка жакын жерде жайгашкан дүкөндө орнотулган камеранын видеосу алынды.

Депутаттыкка талапкер жаран С.П.нын өкүлү депутаттыкка талапкерге добуш берүү үчүн шайлоочуга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 5 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берген.

2021-жылдын 8-июлунда депутаттыкка талапкер С.П. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда, бул факт боюнча жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий