• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Шамбет Кубатбековдун кармалышы Таласта өткөн митингке эч кандай тиешеси жок

Кырсык 0

Бишкек, 15.11.17./Кабар/. ИИМ Таласта өткөн тынчтык митингдин уюштуруучуларынын бири кармалды деген маалыматты төгүндөдү. ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Шамбет Кубатбековдун кармалышы Талас шаарында өткөн митингке эч кандай тиешеси жок.

“Ички иштер министрлиги Шамбет Кубатбековдун кармалышы Талас шаарында өткөн митингке эч кандай тиешеси жок экендигин расмий түрдө маалымдайт. Анын кармалышы бюджеттик каражатты мыйзамсыз коротуу фактысына байланышкан. Шамбет Кубатбеков ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген кезде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгондугу аныкталган. Мурда транспорттук прокуратура эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен КРнын Кылмыш жаза Кодексинин 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу) менен кылмыш ишин козгогон.
Азыркы учурда кылмыш иши аягына чейин толук иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кылмыш ишинин негизинде Шамбет Кубатбеков кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери улантылууда”,-деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий