• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Сириядан келген дагы бир согушкер кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 12.12.17./Кабар/. КР милиция кызматкерлери тарабынан эл аралык террордук топтун мүчөсү Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1996-жылы туулган Э.И., кармалган. ИИМдин берген маалыматына ылайык, кармалган жаран 2014-жылы Россия аркылуу Түркияга учуп кеткен, ал жактан Сирияга барып, куралдуу каршылашууга катышкан.

Маалыматка ылайык, ал “Джабхат-Ан-Нусра” террордук уюмунун курамына кирген.

Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран эки айга №5 Ош шаардык тергөө абагына камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий