• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ согуш ардагерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 5-май /Кабар/. Улуу Жеңиштин 72-жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик катышуучуларын жана оорукта кызмат кылган ардагерлерди ИИМ жетекчилиги куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул боюнча ички иштер министринин атайын буйругу жарык көрүп, министрликтин кызматкерлери ар бир ардагердин үйүнө барып, министрликтин атынан акчалай жардам жана азык-түлүк салынган баштыктарын тапшырышты.

Алгач согуштун ардагерлеринин эң эле улуусу 93 жаштагы Угроватая Татьяна Потаповнанын үйүнө барышкан. Ички иштер министрлиги жыл сайын унутта калтырбай, көңүл бургандыгына ыраазы болуп көзүнө жаш алган Татьяна Потаповнага акчалай сыйлык, гүл жана азык-түлүк салынган баштык тапшырдык. Албетте, жыл өткөн сайын мындай улуу ардагерлерибиздин азайып баратканы баарыбызды өкүндүрбөй койбойт.

“Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында Ички иштер органдарынын ардагерлеринин катарында 2 согуштун ардагери жана 4 согуштун ардагерлеринин жубайлары калганын эске алып, ошол эле учурда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбыздын жана согушка катышкан ардагерлерибиздин, тылда иштеген энелерибиздин төө көтөргүс аткарган иштерин унутта калтырбай, келечектеги жаш муундарга калтыруу ар бирибиздин милдетибиз десек болот”, - деп атйылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий