• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Somo.kg`нин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Somo.kg`нин ишмердүүлүгү боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылдын октябрь айында лицензиясы токтотулган Somo.kg`ге карата ички иштер органдарында жарандардан түшкөн кайрылуулар жана билдирүүлөр бар.

2021-жылдын 30-ноябрында КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен Ички иштер министрлиги тарабынан насыя алуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг уюштурушкан.

Аталган иш-чаранын негизги милдети болуп Somo.kg`нин ишмердүүлүгү жана учурда тузүлгөн кырдаал тууралуу насыя алуучулар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу болгон.

Алынган маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси «Алдамчылык» боюнча 7 материал КЖБРге каттоого алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө ЖПКнын 26-беренесинин 2 жана 4-пункттарына ылайык, 4 иш токтотулган. Учурда өндүрүштө 3 кылмыш иши козголуп, алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан 300гө жакын жарандын кайрылуусу каралып чыккан болсо, учурда дагы 20сы каралууда. Маселелерди чечүү үчүн насыя алуучулардын арыздары Somo.kg`нин мекемесине жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, жарандар бул Somo.kg`нин ишмердүүлүгү, тез арада насыя алууда үстөк пайыздардын жогору экендиги тууралуу эч кандай түшүнүгү жок болуп, укуктары бузулганда гана милицияга кайрылышкан. Кээ бир учурларда айрым жарандардын финансылык сабаттуулуктун жетишсиздигинен бейтааныш адамдар алар үчүн насыя алып, акчаны өздөрүнө алып же электрондук капчыктардан акчаны алдоо жолу менен чыгарып алышкан учурлар болгон.

Пикир

Оставить комментарий