• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: «Ѳспүрүм – Жай» аттуу рейддик иш-чара ѳткѳрүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. «Ѳспүрүм – Жай» аттуу рейддик иш-чара ѳткѳрүлдү, - деп билдирет КР ИИМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, жашы жете электердин арасындагы көзөмөлсүздүктү жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, үйүнөн жана балдар мекемелеринен өз алдынча кетип калгандарды аныктоо максатында 2021-жылдын 11-12-июлунда КР ИИМдин КККнын жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборунун ѳздүк курамы тарабынан «Ѳспүрүм-Жай» аттуу рейддик иш-чара ѳткѳрүлдү.

Рейд учурунда бассейн, кичи кѳлмѳлѳр текшерүү учурунда ата-энеси же аларды алмаштырган адамдардын коштоосу жок жүргѳн жеринен 44-ѳспүрүм менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана сууга түшкѳндѳ сак болуусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 18 ѳспүрүм ата-энесине жана мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнѳ тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий