• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Милиция кызматкерлери жашы жете электер арасындагы мыйзам бузуу жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен белгилешкендей, бүгүн, 12-март күнү КР Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Н.Адылова жана жашы жете электер иштери боюнча кызматкерлер жашы жете электер арасындагы мыйзам бузуу жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган "Жашы жете электердин укуктары жана милдеттери", "Келечегиңди ойло", "Жарандардын мыйзам боюнча нике курагы" жана "Чылым чегүү жана анын зыяндары" аталышындагы иш-чараларды өткөрдү.

Иш-чара Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында өткөрүлүп, ага Беш-Күнгөй айылындагы орто мектептин 8-11-класстарынын окуучулары катышты.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө укук жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, КР мыйзамдары тууралуу жаш өспүрүмдөргө арналган атайын китепчелер таратылды.

Жаш өспүрүмдөр арасындагы иш-чара айыл мектебинин администрациясынын катышуусу менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий