• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Спецназ жоокери Ниязбековго ок ага тиешелүү автоматтан чыккан эмес

Коом 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кой-Таштагы окуянын активдүү катышуучуларынын бири 1990-жылкы К.Р., аттуу жаран кармалды, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

"Айрым маалымат сайттарында спецназ жоокери Үсөнбек Ниязбеков ага тиешелүү куралдан атылган октон каза болгон деп жазылууда. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда баардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азырынча анын жыйынтыктары даяр боло элек", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта кармалган жарандын спецназ жоокеринин өлүмүнө тиешеси бар-жогу такталып жаткандыгы айтылат. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык кошумча маалымат берилет.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий