• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Суусамыр өрөөнүндө унаа кыймылына чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Суусамыр өрөөнүндө транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бул чаралар 23-25-ноябрда катуу жааган карга байланыштуу көрүлдү.

Жолдордо унаа тыгыны пайда болгон, мындан улам Токтогул районунун “Арал” постунда жана Чүй облусунун “Сосновка” постунда жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн чектөө киргизилген.

Автоинспекциянын кызматкерлери жолдордун татаал бөлүктөрүн жөнгө салууну улантышууда. Алар жолдордун абалына гана көз салбастан, айдоочуларга да жардам беришүүдө.

Автоинспекторлор айдоочулардан коопсуз аралыкты кармоону, кар аз жааган күндө дагы жолго жайкы дөңгөлөк менен чыкпоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий