• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Түндө коменданттык саат учурунда тартип бузган 85 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. 10-апрель саат 20:00дөн тартып 11-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 85 жаран кармалып, 10 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 57, Ош шаары боюнча - 7, Жалал-Абад шаары - 14, Сузак району – 4, Кара Суу району боюнча - 3 жаран кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Жалпысынан алганда өлкө аймагында 2327 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий