• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Түндө коменданттык сааттын эрежесине баш ийбеген 73 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Түндө коменданттык сааттын (21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин) шартын бузган 73 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 47, Жалал-Абад шаары боюнча – 2, Ош шаары боюнча - 12, Нарын шаары - 6, Ат-Башы району боюнча - 2, Сузак району боюнча - 4. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3727 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын облусуна караштуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунда дагы киргизилген. Тиешелүү жарлыктарга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылмай болду. Мындай чечим күн мурун, 28-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Белгиле

Пикир

Оставить комментарий