• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 93 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 93 жаран кармалып, 8 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 74, Жалал-Абад шаары боюнча – 5, Ош шаары боюнча - 6, Кара-Суу району боюнча - 3, Ат-Башы району боюнча - 5. Ал эми Нарын шаарында жана Сузак районунда тартип бузуулар катталган жок.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын облусуна караштуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунда дагы киргизилди. Тиешелүү жарлыктарга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Пикир

Оставить комментарий