• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ “Түндүктүн” алкагында 4 автоматташтырылган системаны киргизди

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. КРнын Ички иштер министрлиги “Түндүк” мекемелер аралык өз ара аракеттин алкагында 4 автоматташтырылган системаны киргизди. Бул тууралуу “Түндүк” системасы: жетишкендиктери жана келечеги” конференциясында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, “багыттык маалымат”, “издөө”, “санариптештирүү” жана “бирдиктүү терезе” компоненттери киргизилген.

“Багыттык маалымат” автоматташтырылган системасы унааны уурдоо тууралуу маалыматтын тарашын күчөттү. Эгерде унааны Сокулуктан уурдап кетишсе, ошол жактан протокол түзүлүп, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилет. Андан соң ИИМдин борбордук аппаратына берилет, Мамлекеттик каттоо кызматына маалымат 2-3 күндүн ичинде жиберилет. Система киргизилгенден кийин эл аралык деңгээлдеги маалымат дагы бир нече сааттын ичинде тарайт. “Издөө” системасы Бишкек ШИИББинде жана Чүй облусунда пилоттук режимде иштеп жатат. Биз аны ноябрдын башында толугу менен киргизүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Маалыматтарды санариптештирүү соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды берүүнүн алкагында 25-ноябрда аяктайт.

“Бир жылдын ичинде 120 миң 996 соттолгондугу тууралуу маалымкат берилген. Күнүнө 627. Автоматташтырылган системаны киргизген соң маалымкатты 10 мүнөттүн ичинде алууга мүмкүн болуп калат. Азыр ал үчүн 10 күн, акча төлөсө, 2-3 күн кетет. “Бирдиктүү терезе” учурда Бишкек ШИИББинде иштеп жатат. Ал жакта соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу арызды кабыл алуу, куралды көтөрүп жүрүүгө же сактоого уруксат берүү, өзгөчө кооптуу же жарылып кетүү коркунучу бар жүктөрдү ташууда атайын унааны коштотуп алууга уруксат сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий