• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Түркияга кетүүгө билет алып берем деп алдап кеткен 48 жаштагы шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.17./Кабар/. Түркияга кетүүгө билет алып берем деп, Нарын облусунун тургунунан 10 миң сом акча каражатын алып, алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга алданып калган жаран арыз менен кайрылган.

“Арыз ээсинин айтуусуна караганда, үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында болжол менен саат 11:30 чамасында өзүн Мекен деп тааныштырган бала билет алып берем деп 10 миң сом алып кеткен. Бирок ушул убакытка чейин ал качып, жашырынып жүргөн. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 48 жаштагы И.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий