• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.21./Кабар/. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери азыркы учурда Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ички иштер органдары тарабынан бул факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу КР ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Пикир

Оставить комментарий