• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Тергөө абагына баңгизат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Тергөө абагына баңгизат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-сентябрында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизаттарды алып кирүүгө аракеттенген 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармашкан.

Анын “Шкода Октавиа” үлгүсүндөгү авто унаасын текшерүүдө өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү кочкул-гүрөң зат табылып, ал “гашиш” баңгизаты экени белгилүү болгон.

Аталган авто унааны мындан ары кароо учурунда жүк ташуучу жагында целлофанга салынган “Фрима” кургак сүтүнүн эки баштыгы табылган, жакшылап караганда аталган баштыктар жасалма ширетилгендиги аныкталып, ичин ачканда “гашиш” баңгизатына окшош өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү кочкул-гүрөң зат аныкталган.

Алынган заттардын жалпы салмагы 2 килограммдан ашкан.

Азыркы учурда бул фактыга катыштыгы бар башка жарандарды аныктоого багытталган бир нече иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий