• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто террористтик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоого шектүү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Ошто “Джамаат ат-Таухид валь-Жихад” террористтик уюмунун ишмердүүлүгүн каржылоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний же башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган финансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен экстремисттик мүнөздөгү материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Анын алкагында “Джамаат ат-Таухид валь-Жихад” террористтик уюмунун ишмердүүлүгүн колдоо максатында каржылык жана башка кызматтарды көрсөткөн деген айып менен Ош шаарынын тургуну Ш.Н.ны кармашты.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен бул уюмдун ишмердүүлүгү террористтик деп табылып, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий