• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Тиешелүү кызматтар коронавирустун алдын алуу боюнча бир катар маанилүү чараларды көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Тиешелүү кызматтар коронавирус илдетин алдын алуу боюнча бир катар маанилүү чараларды көрүүдө, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Алсак, калктын бейпил жашоосуна жана коопсуздугуна КР ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы ИИОнун башка түзүмдөрү менен биргеликте өз салымын кошуп келет.

Азыркы учурда ИИМдин МАККББсы өлкөбүздө жайгашкан баардык маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу жашоо тиричиликти камсыз кылуучу мекеме-чарбаларды күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алышкан. Аны менен бирге, жогоруда аталган мекеме-чарбалардын туруктуу иштешинин коопсуздугун камсыздайт.

"Мамлекеттин экономикалык туруктуулугунун бир бөлүгү болуп банк мекемелеринин болуп саналат, алардын өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими убагында коопсуз туруктуу иштешин, ИИМдин Күзөт кызматы камсыз кылат. Азыркы учурда милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда турган банк мекемелеринде жана анын аймактагы филиалдарында жарандарды тейлөөдө, чектөө эрежелери коюлуп, адамдар арасында аралыкты сактоо жана милдеттүү
түрдө антисептик менен колду жууп, андан кийин имараттын ичине кезек-кезеги менен киргизилүүдө. Мындан тышкары, дененин температурасын ченөөчү атайын ажабдык аркылуу текшерилип турат", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы эң алдынкы заманбап кайтаруу техникалык каражаттары менен
камсыздалган түзүмдүк бөлүк болуп саналат. Аталган кызмат тарабынан 3 миңден ашуун ар түрдүү мекеме-чарбалар кайтарууда турат.

Пикир

Оставить комментарий