• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Тогуз-Тородо спорттук мелдеш өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 02.05.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялангандыгына байланыштуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эң башкы тапшырмаларынын бири болгон коомдук коопсуздукту сактоодон сырткары, милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдеп, жакындатууга арналган алгылыктуу иштер жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара кызматташууну бекемдөө, ички иштер органдарынын кызматынын кадыр-баркын көтөрүү менен өсүп келе жаткан жаштарды мимлициянын ишине тартуу жана коомчулук менен пикир алмашуу ар дайым ачык экендигин көрсөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна министридин орун басары Курсан Асанов жана ИИМдин башкармалыктарынын башчылары барып келишти.

Министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов ички иштер органдарынын өздук курамы жана ардагерлери менен жолугуп, Тогуз-Торо РИИБнин 2018-жылдын 1-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле, Курсан Асанов Тогуз-Торо РИИБдин өздүк курамына Жалал-Абад ОИИБдин жаңы башчысы, милициянын полковниги Кылыч Жолдошевди тааныштырды.

Ушуга эле катар, жакында Тогуз-Торо районунда жайгашкан алтын кен иштетүүчү фабрикада катталган окуя боюнча маселелер көтөрүлдү.

Министрдин орун басары өздүк курамдын алдында сүйлөп жатып, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги делген үч багытты айтып өттү: кылмыштуулукту алдын алуу, кылмыш иштеринин бетин ачуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо.

“Ички иштер органдарынын кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулукту так сактап, кызматтык тартипти бекемдеп, жарандар менен сылык мамиледе болуп, жер-жерлерде милициянын ишинин сапаты жогорулатылсын.

Ички иштер органдары менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөө керек. Андан сырткары, алдыдагы тапшырмаларды сапаттуу чечүү көп учурда эл менен мамилени түзүүдөн жана ИИОнун жетекчилери менен кызматкерлеринин өздүк сапаттарынан, укуктук маданиятынан, профессионалдуулугунан көз каранды болот. Биздин көптөгөн кызматкерлер жумушунун татаалдыгына жана оорлугуна карабай, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жарандарды коргойт, кылмыштуулук менен күрөшөт жана коомдук тартипти камсыздайт”-деп, Курсан Асанов баса белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин демелгеси менен мамлекеттик, укук коргоо органдарынын коомчулук менен мамилесин бекемдөө максатында Тогуз-Торо районунда райондук акимиаттын, прокуратуранын, УКМКнын, билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусундагы спорттук иш-чара аяктады. Аталган спорттук иш-чара спорттун: волейбол, эркин күрөш жана башка бир нече түрү боюнча өттү.

“Бүгүнкү спорттук иш-чара, башка күндөрдөгүдөй жалпы элдин башын бириктирип, аларга дем-күч берип туруш керек. Спорт-коомдун бирдиктүү улуттук көз-карашты сиңирүүсүнө алып келип, адамдарды ийгиликке жана жеңишке жетишине түрткү берет. Ошондуктан, спортто азыркы учурдагы коомдо маанилүү делген балуулуктар көрүнүп калат”,-деп Курсан Асанов баса белгилеп, аталган спорттук мелдешке катышып жаткандарга ийгилик жана жеңиш, ал эми колдоочуларына жагымдуу сезимдерди каалап кетти. Баардык жеңүүчүлөр менен катышуучулар ИИМдин атынан кубоктор, спорттук кийимдер, бокс кол каптары жана 40 миң сом акча каражаты менен сыйланышты.

Ички иштер органдарынын ардагерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Ардак” жана “Кыргыз милициясына-90 жыл” төш белгилери менен сыйланышты.
Андан сырткары, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов райондук акимиат менен биргеликте жергиликтүү тургундардын катышуусунда жыйын өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн, каалоолорун жана даттанууларын укту.
Министрдин орун басары, бардык чогулган жергиликтүү тургундарды тынчтык жана эмгек майрамы менен куттуктап, баарына жакшылыктарды, бейкуттукту каалады.

Чогулган элдердин алдында сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялангандыгына байланыштуу, ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчтөөрүн белгиледи.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эң башкы тапшырмаларынын бири болгон милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдеп, жакындатууга арналган алгылыктуу иштер жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий