• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Тогуз-Торонун 12 тургуну СИЗО-12 киргизилип, үчөөнө кетпөө жөнүндө кол кат берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Тогуз-Торо районундагы инцидент боюнча кармалган 15 жашоочуга карата Биринчи май райондук соту чечим чыгарып, 12 адамды СИЗО-12ге камап, үч аялга кетпөө жөнүндө кол кат берди. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, КР ИИМ Тергөө кызматы тарабынан КР КК 234 жана 174-беренелерине ылайык кылмышка шектелип Тогуз-Торо районунун 15 тургуну кармалып, КР КК 94-беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2018-жылдын 17-апрелинде Биринчи май райондук соту Тогуз-Торонун 15 жашоосуна карата 2018-жылдын 11-июнуна чейин 12 адамды СИЗО-12ге камап, үч аялга кетпөө жөнүндө кол кат берди.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмалалтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан. Ошол учурда милиция кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого туура келген. Азыркы учурда, комиссиянын мүчөлөрү коопсуз жайга жайгаштырылган.

Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, өрттөө) жана 233-беренелерге (массалык тартипсиздик) ылайык кылмыш иши козголгон.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалып, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР ИИМ Тергөө кызматынын кызматкерлери тергөө иштерин улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий