• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Үч айда турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын үч айында кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле өткөн жылдагы эки кылмыш иши дагы иликтенип жатат. Учурда сотко мындан аркы териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн 37 кылмыш ишинин материалы жөнөтүлдү.

Айрым материалдар жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде каралуусуна байланыштуу 17 иш өндүрүштөн кыскартылган. Калган фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. 77 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Андан сырткары, 30 жарандын кайрылуусу боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткан жарандардын саны 139ду түзөт. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 66 млн 641 миң сом болду.

Бишкектин “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 11 млн сомду түзөт. Кооперативдин шектелген директору абакка камалган.

Ош шаарынын “Ордо-Мурас” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 17 кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшү Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен токтотулган.

“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча бир кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 млн сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. Тиешелүү эскпертизалар дайындалды.

Ошондой эле ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “S-Line” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенип жатат. 40 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 35 млн 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.

Андан сырткары, “Ихсан Групп ЛТД” коопертивинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий