• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ИИМ: Туристтердин коопсуздугун 3 миң милиция көзөмөлдөйт

Аймак 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга 3 миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Учурда өлкө боюнча 329 ден соолукту калыбына келтирүүчү курорттор бар. Алардын 31 балдарга арналган. Аталган эс алуучу жайлардын аймагында жана жарандар массалык түрдө эс алган жерлерде коомдук тартипти сактоого 3 миң милиция кызматкери жана 800 ыктыярчылар тобу тартылган.

Ысык-Көл облусунун аймагында 500 милиция кызматкери ошондой эле, ИИМдин өздүк дайындоо полкунун курамынан 100 адам тартылат. Коопсуздукту камсыз кылгандардын саны туристтердин санынын көбөйүшүнө жараша өзгөрүп турат.

Коомдук тартипти камсыз кылгандардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында, Бостериде ыкчам штаб түзүлдү. Жарандардын арызына ыкчам аракет көрүү максатында, аталган штаб 24 саат тынымсыз иштейт.

Мындан тышкары, туристтик мезгилде жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо багытында ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгы тарабынан “Кордай-Бишкек”, “Манас” эл аралык аэропорту - “Бишкек”, “Бишкек-Балыкчы” - “Чолпон-Ата-Каракол” унаа жолдорунда көчмө посттор орнотулат.

Бардык патрулдук экипаждар POS-терминалдар менен жабдылган. Бул эрежени бузгандардан административдик айып пулду карточканын жардамы менен төлөтүүгө багытталган. Мындай ыкма аркылуу патрулдук милиция кызматкерлери накталай акча албай, карточканын жардамы менен иштөөгө өтөт.

Карталар: «Виза», «Золотая корона», «Эл-карт» жана «Мастер карт».

Пикир

Оставить комментарий