• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ тутумунда 6 өз алдынча кызмат түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. КР укук коргоо органдары тутумунда жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында ИИМдин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрү кайра түзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов билдирди.

Ал белгилегендей, ИИМдин тутумунда алты өз алдынча кызматтар, анын ичинде өзүнүн аймактык бөлүмдөрү менен Тергөө кызматы (мурдагы Тергөө башкы башкармалыгы) түзүлгөн.

2019-жылдын 1-январында кылмыш жоруктары институтун киргизүүгө байланыштуу ИИМдин түзүмүндө жаңы Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык түзүлгөн.

2019-жылдын 6 айынын талдоосунун негизинде тергөөчүнүн жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын иштөө үчүн жана ишинин оордугун эске алуу менен (мисалы, Бишкек шаары боюнча бир тергөөчүнүн 132 сотко чейинки өндүрүш иши бар) ушул жылдын ИИМдин кезексиз коллегиясынын "ИИОнун штаттык санын жана түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" чечими боюнча:

- 67 сотко чейинки өндүрүш боюнча ИИО башчыларынын орун басар кызматтары киргизилип, алар республиканын ИИОнун тергөө, жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү, эксперттер жана аналитикалык маалымат кызматкерлерин жетектейт;

- жер-жерлердеги ИИОнун Тергөө кызматтарына 95 тергөөчү кызмат орду берилди;

- ИИОнун 99 атайын ыйгарым укуктуу кызмат орду берилди.

Пикир

Оставить комментарий