• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Убактылуу кармоо жайынан качкан 4чү качкын кармалды

Коом 0

Бишкек, 01.12.17./Кабар/. Чүй облусунун Москва районунун аймактык милbция кызматкерлери тарабынан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан качып кеткен төртүнчү качкын кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 1-декабрында болжол менен түнкү саат 04:00 чамасында атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин жыйынтыгында Чүй облусунун Москва районундагы Спартак айылынын четинде милиция кызматкерлери тарабынан төртүнчү качкын колго түшкөн. Ал, Джанботоев Кайрат Байызбекович - 23.09.1989-жылы Чүй облусунда туулган. КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кармалган.

Учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан качып кеткен төрт качкын тең колго түштү.

Аталган фактынын негизинде прокуратура милиция кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (Шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий