• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө

Коом 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

"Кайрадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан эр азаматтарыбыз уюшкан кылмыштуулуктун бийликке, коомго тийгизген таасирлери тууралуу өз пикирлерин билдире башташты. Алар ар түрдүү кызматтарда иштешти, бул маселени ошол мезгилде көтөрүп, чара көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан жана аны ошондо айтканда туура болмок", - дейт айталыт ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, республика боюнча атайын автоматташтырылган ыкчам маалымат базасында К.Көлбаев, А.Батукаев, А.Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун жалпы саны 1076 субъект эсепке алынган.

ИИМден билдиришкендей, уюшкан кылмыштуулукка каршы тиешелүү кызматтар тарабынан келишкис жана чечкиндүү иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Алсак, 2020-жылдын 7 ай 20 күндүн ичинде ичинде ИИМ кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун 101 субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кээ бирлери кылмыш жообуна тартылууда.

ИИМ кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 7 ай 20 күн күн ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалгандардын ичинен 8 адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр экендиги аныкталган.

"Ушул эле убакыттын ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн ондогон курал-жарактар алынган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерин легалдаштырууга бөгөт коюу багытында КЖКнин 215-беренеси менен 6 сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. КРнын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 7 айында жалпысынан 55 кылмыш иши кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыр тергөө жүрүүдө", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Ошондой эле ИИМден депутаттыка талапкер О.Суваналиевдин кайрылуусу боюнча тактоо киргизишти.

"ИИМдин Криминалдык милиция кызматы “Хоп” деген каймана аты менен каттаган, парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Чолпонбаев Улан Сапарбекович 2018-жылы 11-ноябрда өзүнүн узакка созулган оорусунан каза болгондугун жана учурдагы абалга эч кандай таасир бере албастыгын билип туруп, популисттик билдирүүлөрдү жасаганы этикага туура келбейт. Өз кезегинде Ө.Суваналиев ИИМде министрдин орун басары, андан кийин министр болуп турганда уюшкан кылмыштуулук бутактанып, ал түгүл ЖКнын депутаттыгына Р.Акматбаев келгендиги, ошол кезде криминалдык абал күчөп, буйрутма адам өлтүрүүлөр да күч алгандыгы жалпы коомчулукка белгилүү. Ал эми учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө турат жана ал ИИМдин ишмердүүлүгүндө кылмыштуулукка каршы күрөшүү негизги багыттарынын бири экендигин белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий