• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: УКТнын мүчөлөрү ээнбаштык, адам уурдоо, опузалап талап кылууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү (УКТ) ээнбаштык, адам уурдоо, опузалап талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, буга чейин Аламүдүн районунун тургуну акча талап кылган эки кишиге чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган.

Анда 2019-жылы күзүндө бейтааныш адамдар аны бычак менен коркутуп, унаанын багажнигине салып кетишкени аныкталган. Ошол эле учурда кылмышкерлер 10 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу", 170-беренесинин 2-бөлүмү ("Адам уурдоо") жана 266-беренесинин 2-бөлүмүндөгү ("Ээнбаштык") кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз коомго каршы аракеттерди жасаган деген шек менен мурда соттолгон адамдар кармалган. Алар Бишкек шаарынын 36 жаштагы А.Э. аттуу мурда бейбаштык үчүн соттолгон жаран жана 36 жаштагы Д.А. аттуу буга чейин опузалап талап кылуу жана тоноочулук үчүн соттолгон жаран кармалган.

Криминалдык милиция кызматы билдиргендей, шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылып жатат. Жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий