• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ укук бузууларды алдын алуу максатында инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу аракетин көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “Saferworld” уюму жана “Эл аралык толеранттуулук” фонду менен биргеликте акыркы жылдары укук бузууларды алдын алуу максатында инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу аракеттерин көрүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөр, зордук-зомбулук жана адам укуктарынын бузулушуна алып келген гендердик көрүнүштөргө: ала качууга, никеге эрте турууга, дискриминацияга каршы болгон жаштардын жана аялдардын демилгелери колдоого алынып келет.

Иш-чара укук коргоо органдары менен калктын ортосундагы ишенимдүү мамилелерди түзүүгө багытталган. Жаштардын жана аялдардын үгүт иш-чарасын шыктандыруу максатында жана ошондой эле милиция менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүктү арттырууга кошкон салымын баалоо үчүн 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан жаштардын жана аялдардын мыкты кампаниясын сыйлоо аземи уюштурулду.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты тапшыруу аземине КР ИИМ орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, ИИМ коомдук коосуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Мыкты жаштар жана аялдар кампаниясы төмөнкү номинациялар боюнча сыйланды: “Инновация”, “ИИО менен өнөктөштүк”, “Кошумча каржы булактарын тартуу”, “Эң гендердик жана конфликттерге сезимтал кампания”.

Ошондой эле, иш-чарада “Заманбап” жаштар фестивалынын “Ыр”, “Заманбап бийлер”, “Граффити” жана “Видеоклип” номинациялары боюнча жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи болду. Октябрь Урмамбетов салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жатып: “Биринчи кезекте өнөктөштөргө бүгүнкү иш-чараны уюштургандыгы жана сынактын катышуучулары милиция менен калктын ортосундагы ишенимдүү мамилелерди түзүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем жана өзгөчө милициянын мүмкүнчүлүгүн көтөрүүдө жана калк менен мамилесин чыңдоодо “Saferworld” уюму жана “Эл аралык толеранттуулук” фондуна жана АКШ мамлекеттик департаментине колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз”, - деп белгиледи.

Ошондой эле, О.Урмамбетов укук коргоо органдарынын жарандык коом, диний мекемелер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматташтыгын чыңдоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында диалог мейкиндигин кеңейтүү боюнча олуттуу иштер жасалгандыгын баса белгиледи. “Өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууда сиздер менен биргеликте акыркы жылдары эбегейсиз жумуштар аткарылып, коомдук алдын алуу борборлору түзүлдү, милиция кызматкерлеринин жергиликтүү калк жана мамлекеттик органдар менен көптөгөн жолугушуулары болду. Биздин жаштар ушундай демилгелерге катышып жаткандыгына биз абдан кубанычтабыз жана жаштар арасында толеранттуулук маданиятын жайылтып жатканыңыздарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз” , - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий