• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Улан Ниязбеков Тажикстандын ички иштер министри менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрү жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. 27-январда түндө Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков өзүнүн тажикстандык кесиптеши Рахимзода Рамазон Хамро менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Баткен облусундагы кырдаалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда коомдук тартипти калыбына келтирүү, ар кандай укук бузууларды болтурбоо, бирдиктүү күч аракеттер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук тартипти сактоону мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө, андан сырткары, Баткен жана Согди облустарынын ички иштер башкармалыктарынын кайгуул кызматтарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ар бир жарандын укугун жана коопсуздугун коргоо маселелери боюнча пикирлери менен алмашышып, коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча бирдиктүү чечимге келишти.

Андан сырткары, түнкү саат 01:00 чамасында чек арада Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов тажик тарап менен сүйлөшүүлөргө катышып, Согди облусунун ИИБнин начальниги Абдулло Навджувонов менен жолукту.

Алар чек арага чектеш аймактардагы кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу боюнча маселелерди талкуулашты. Кечээки күндөн бери Баткен жана Согди облусунун чек арага чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бирдиктүү кайгулдоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жергесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, кырсыктар орун алган жок, ыкчам кырдаал туруктуу.

Баткен ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат жана УКМКнын Чек ара кызматы, башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдөөдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен ОИИБдин өздүк курамынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын облус аймагындагы коомдук тартипти камсыздоо боюнча бардык аракеттерин кординациялоодо.

Пикир

Оставить комментарий